Сокулуктагы мектепте Кызыл-Туудан чыккан Баткен согушунун баатыры эскерилди (сүрөт)

Сокулуктагы мектепте Кызыл-Туудан чыккан Баткен согушунун баатыры эскерилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт» аттуу эскерүү кечеси өттү. Иш-чара Баткен согушунун 20 жылдыгына карата жана андагы баатыр Назар уулу Кенжебектин жаркын элесине арналды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Динара Сарбашева билдирди.

«Иш-чарага республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеӊешинин мүчөсү Азатбек Байбагышев, Ат-Башы райондук ардагерлер кеӊешинин мүчөсү Багдад Орозбеков, Сокулук райондук ардагерлер кеӊешинин төрагасы Чолпонбек Жээналиев, Ооган согушунун ардагерлери, Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Замир Нурманбетов, маркум Кенжебектин классташтары, энеси жана бир туугандары, мугалимдер жамааты катышты.

3 бөлүктөн турган иш-чара алгач мектептин спорт залында эскерүү жыйындан башталып, Ооган жана Баткен согуштарында курман болгон жоокерлер эскерилди. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Нурманбетов аталган айылдагы 3 баатырдын бири – дал ушул маркум Назар уулу Кенжебек экенин баса белгиледи. Биздин айылда 3 баатыр бар: Советтер Союзунун Баатыры П.Свечников, Апрель революциясынын баатыры Канат Бекбоев, Баткен согушунун баатыры Назар уулу Кенжебек. Биз алар менен сыймыктанабыз. Алардын эрдиктери биздин жүргүбүздө сакталат.

Ошондой эле мен мектептин директору И.Джолдошовага, Кенжебек атындагы класс-кабинетин ачып, ар дайым эскерүү иш-чараларын уюштуруп жүргөн мектептин кыргыз тили мугалими Динара Сарбашевага чоӊ ыраазычылыгымды билдирем», - деди айыл өкмөт башчысы.

Аталган мектепте 2012-жылы баатырдын элесин, эрдигин түбөлүккө даӊктап калтыруу, жаш муунду мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбиялоо максатында Кенжебек атындагы класс-кабинети ачылган. Ата-энелер, классташтары демөөрчү болуп, аталган кабинетти жаӊыртып беришсе, айыл өкмөт башчысы З.Нурманбетов жана маркумдун классташтары жыл сайын анын элесине арнап, футбол боюнча мелдеш уюштуруп келишет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up