Ферганада окуучулар классташына химиялык затты күч менен жуттурушкан. Өспүрүм каза тапты

Ферганада окуучулар классташына химиялык затты күч менен жуттурушкан. Өспүрүм каза тапты

Билим АКИpress - Өзбекстандын Фергана облусундагы №17 орто мектептин 9-классынын окуучусу классташтары химиялык затты жутууга мажбурлашкандан кийин каза тапты. Укчи айылында 16-февралда болуп өткөн бул окуя тууралуу 2-мартта гана белгилүү болду, деп билдирет centralasian.org.

Маркум менен бир мектепте билим алгандар анын классташтары химиялык затты жутууга мажбур кылышканын айтышты. Анын натыйжасында окуучу шишип, көз жумган.

«Ал жайдары жүргөн бала болчу. Байлардын көпкөн балдары кандайдыр-бир химиялык затты жедиришкен. Ал үйүнө барганда суу ичип, андан кийин катуу кыйкыра баштаган. Аны ооруканага жеткиришет, бирок ал ошол эле күнү каза болуп калган», - деди маркумдун туугандарынын бири.

Баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматтар азырынча жок.

Өзбекстан РИИБден бул кырдаал жөнүндө эч нерсе угушпаганын маалымдашты.

Фергана облусунун улуттук билим берүү башкармалыгынын кызматкери Өзбекстан районундагы окуучунун өлүмү тууралуу кабары жок экенин билдирди. Ал эми каза болгон баланын ата-энеси баласынын өлүмү тууралуу айткысы келген жок.

№17 мектептин мугалимдеринин бири мектептин жетекчилиги бул ишти жашырып коюуга аракет кылып жатканын айтты.

Каза тапкан окуучунун үй-бүлөсүнүн кошуналарынын бири да бул маалыматты тастыктады. «Өлүм алдында ал бала атасынан бул ишти казбоону сураныптыр. Ал ооруканадан бир баланын атын атаган, бирок башка окуучулардын аттары белгисиз бойдон калууда», - деди маркумдун кошунасы.

Ферганадагы мектептин окуучусунун өлүмү өзбек социалдык тармактарынын сегментинде бороон-чапкындарды жаратты. Ферганалык жазуучу Нурилло Отаханов Facebook социалдык баракчасына өспүрүм эмнеден каза болгонун укканда «шок» болгонун жазып чыкты.

«Дүйнөдө эмнелер гана болуп жатат?! Эмнеге адамдар мынча ташбоор болуп бара жтышат?! 3-4 күн мурун биздин үйдөн алыс эмес жерде жайгашкан мектептердин биринде бир окуучунун классташтары анын колун бурап, карбидди (көмүртек менен металлдын аралашмасы) же ошого окшогон бир нерсени жуттурушканын уктум. Бала ичинен зарына болгонун сезип, суу ичкенден киийн ичинен ошол нерсе жарылган. Бала өлдү! Мен муну дагы деле унута албай, өзүмө келе албай жатам. Анткени бул ишти жапжаш балдар жасап жатышпайбы! Биз кайда баратабыз?!», - деп жазган жазуучу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up