Таластагы №1 мектептин окуучулары өрт коопсуздугу боюнча билим сынашты (сүрөт)

Таластагы №1 мектептин окуучулары өрт коопсуздугу боюнча билим сынашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Талас шаарынын А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинде өрт коопсуздугу боюнча викторина жана сүрөт сынагы өттү. Бул тууралуу мектептин уюштуруучу адиси Райма Расылканова билдирди.

Маалым болгондой, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн шаардык өрткө каршы бөлүмү тарабынан өрт коопсуздугу боюнча викторина жана сүрөт сынагы өттү. Мелдеш 6-класстын окуучулары арасында өттү.

Викториналык суроолор боюнча сынакта 6-класстын окуучулары Абдыбек кызы Жаркынай, Жанарбек кызы Нурзада, Темирбекова Жылдыз жеңүүчү болушту. Ал эми сүрөт сынагында Сыдыкова Замира, Шумкарбеков Равшан жана Токтосунов Жусупжан жеңип чыгышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up