Мугалимдер.kg: Сокулуктагы бала бакчанын башчысы А.Акматалиева тарбия берүүдөгү актуалдуу маселелер тууралуу

Мугалимдер.kg: Сокулуктагы бала бакчанын башчысы А.Акматалиева тарбия берүүдөгү актуалдуу маселелер тууралуу

Билим АКИpress басылмасы билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз – Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылындагы «Солнышко» балдар бакчасынын башчысы, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги Айнура Акматалиева. Ал балдарды тарбиялоонун актуалдуу маселелери жаатында ой бөлүшөт.

«Мектепке чейинки сапаттуу билим берүү – бул баланын сапаттуу жашоосу».

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 1 миң 400гө жакын бала бакчалар иштеп, бирок 24% гана балдар мектепке чейинки билим берүү уюму менен камсыздалган. Азыркы убакта мектеп жашына чейинки балдар үчүн кубаттуулугу 250 орунга ылайыкталган 1 миң 826 бала бакчаны куруу зарыл экендиги белгилүү. Акыркы жылдарда мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барбаган балдар үчүн 480 сааттык «Наристе» балдарды мектепке даярдоо программасы кабыл алынып, 5 жаштан 7 жаштагы 116 миң бала дээрлик 100% мектепке даярдоо программасын өздөштүрүп жатат. Өткөн жылда алыскы райондордогу айылдарда 10 миң баланы камтуу менен кыска мөөнөттөгү (3 сааттык) 120 бала бакча ачылып, ишке берилди. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын оптимизациялоонун жыйынтыгында мектептердин алдында 100 мектепке чейинки билим берүү уюму 7 миң 358 баланы камтуу менен иш алып барууда.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында китепканалардын базасында «Балдарды өнүктүрүү борборлору» пилоттук негизде иштеп жатат. Бул да болсо мектепке чейинки билим берүү тармагынын өнүгүүсүндө эң чоң жетишкендик дегенибиз менен, дагы эле камтылбаган балдар жок эмес.

Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Хекман белгилеп кеткендей, бала бакчаларга салым кошуу, башка чоң окуу жайларына караганда мамлекет жана коом үчүн көп пайда алып келет. Анткени бала бакча – билимдин фундаменти, кичинесинен алган татыктуу тарбия – баланын жашоосунун негизи. Төрөлгөндөн 7 жашка чейинки алган тарбиясы жана билими, баланын өсүп-өнүгүүсүндө инсандыгын калыптандыруу мезгили болуп саналат.

2-7 жашка чейин сапаттуу билим берүү – бул бала бакчадагы педагогикалык процессти деңгээлдүү уюштуруу, тарбиялоо жана өнүктүрүү, анын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жаш курагына жана физикалык өсүшүнө ылайык тарбиялоо жана көп тилде окутуу. Балдардын ар тараптуу өнүгүүсүн демилгелөө жана коопсуз чөйрөнү сунуштоо – ар бир баланын келечектеги ийгилигине жетишүү үчүн патриоттулукка, эстетикалык, экологиялык, адеп-ахлактыкка тарбиялоо керектүү шарт болуп эсептелет. Мамлекеттин негизги милдети – билим берүү саясатын модернизациялоо шартында билим берүү системасын камсыз кылуу, заманбап билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мектепке чейинки уюмдар болуп саналат.

Учурда бала бакчаларда мамлекеттик стандартка ылайык ар бир тайпада балдардын саны 25-30дан ашпоосу керек болсо, көпчүлүк мамлекеттик-муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын саны ар бир тайпада 50дөн 100гө чейин. Бул, албетте, биринчи кезекте билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизет.

Экинчиден, канча бала менен иштегендигине карабастан тарбиячылардын, айрыкча, жардамчы тарбиячы, кошумча жумушчулардын эмгек акысы аз. Бул өз кезегинде кадрлардын кетип калуусуна да алып келүүдө.

Үчүнчүдөн, тарбиячы-педагогдордун статусу, коомчулукта төмөн турушу.

Төртүнчүдөн, ата-энелердин миграцияда болушу, балдарга толук тарбия берүүнүн жетишсиздиги. Бул учурда албетте билим берүүнүн мааниси чоң. Өнүккөң Швейцария, Германия, Бразилияда бакчадагы балдардын саны 10-12 болуп, атайын уктоочу бөлмөлөрү жок.

- 1-маселе: Биздеги бала бакчадагы балдардын санын санитардык ченемдерге ылайык келтирүү керектиги сунушталат. Бул маселеге көңүл бөлүп, мындайча чечсек болот дээр элем: Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик жана муниципалдык ж.б. түрдүү типтүү бала бакчаларда уктоочу бөлмөсү бар. Балдар күнүнө 2 саат гана укташат. Эмне үчүн 2 саат гана уктоо мезгилине бир нече бөлмөлөрдү ээлеп отурабыз?! Бул республика боюнча алганда бир нече уктоочу бөлмөлөрдү түзөт. Бул бөлмөлөрдү, башында атап өткөндөй, бала бакчанын бир тайпасындагы 60-100 баланы экиге бөлүп, эки башка тарбиячы менен иштесе, билим сапаты жогоруламак. Керебеттерди сатып алууга, ондоп-түзөөгө кеткен акча каражаттарын кошумча имараттарды курууга ж.б. багытта пайдалансак болмок. Чет мамлекеттерде бул эксперимент чоң ийгиликтерди алып келгендиги маалым. Балдар уктоо убактысында эркин ойноо мезгилин өткөрүшөт.

- 2-көтөрө турган маселе: Азыркы кезде мектепке чейинки билим берүү уюмдарын окуу жана тарбия берүү процесси менен камсыз кылуу үчүн «Базистик», «Наристе», «Балалык» программасы окуу-методикалык комплекстери бекитилип, бизге жеткирилген. Андан сырткары, бала бакчалар кыргыз жана орус тилдериндеги 70 аталыштагы колдонмо жана өнүктүрүүчү материалдар менен камсыздалып, анын ичинде педагогдор үчүн кошумча жыйнактар, жомоктор, дидактикалык жана өнүктүрүүчү материалдар берилди. Бул абдан жакшы саамалык. Бирок бала бакчаларда толук сапаттуу билим берүүдө, заманбап, альтернативдүү окутуу программаларын иштеп чыгуу дагы эле талап кылынат.

Бул окутуу программаларын тиешелүү адистер балдарга жеткирсе, эң жакшы болмок. Учурда бала бакчадагы педагог мугалимдердин баары тарбиячы квалификациясына ээ эмес. Бул тармакта иштеп жаткан башка тармактын мугалимдери, мисалы: химик, биолог, математик жана башкалар мектепке чейинки курактагы балдардын жаш-курактык өзгөчөлүгүн, психологиясын, бала бакчада иштөөнүн методикасын билүүсү зарыл. Ошондуктан республика боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоону жандандыруу зарыл.

3-маселе: Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында билим берүү тармагында да өнүгүүнүн, санариптештирүүнүн алгачкы кадамдары болуп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарга болгон жогорку муктаждыкты ачык-айкын көрсөтүү менен «Ачык Өкмөт» программасынын алкагында Бишкек шаарындагы бала бакчаларга «Электрондук кезек» долбоору пилоттук негизде киргизилди. Ага ылайык, Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары аталган системага кирип, балдар жөнүндө статистикалык маалыматтарын аныктоону камсыз кылууда. Өз учурунда, жарандарыбыз үчүн да бала бакчага кирүүдө ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ошону менен катар эле канча баланын кезекте турганын, канча бала бакчаны куруу зарыл экендигин көрүүдөбүз. Бул системаны республика боюнча жайылтууну колго алып, системада ачык көрүнүп турган муктаждыкка карап, бала бакчалар курулса. Ага катар эле коңшу Казакстан, Россия өлкөлөрүндө учурдагы калктын муктаждыгын эске алуу менен бала бакчаларга камтылбаган балдардын ата-энелери үчүн маалымат бөлмөлөрү ачылып, ата-энелерге бала багууда, тарбия берүүдө, окутуп-үйрөтүүдө болгон бардык суроолор менен кайрылууга болот. Бул ыкманы биздин бала бакчада да колдонуп, маалымат борборлорун ачсак, ата-энелер балдары менен күнүгө 2 сааттан келип, маалымат алса болот. Бул кызматты аткарууга бала бакчадагы усулчуларды тартуу жана ставкасын 0,5-1ге чейин көтөрүү зарыл», - деп бөлүштү бала бакча жетекчиси.

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up