Чүйдөгү мектеп директорлору волейбол жана кичи футбол боюнча спорттук мелдешке түшүштү (сүрөт)

Чүйдөгү мектеп директорлору волейбол жана кичи футбол боюнча спорттук мелдешке түшүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Москва районундагы балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинде Чүй облусунун райондорундагы мектеп директорлорунун арасында волейбол жана кичи футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунун директору Райымбек Султанов аймактык кабарчыга билдирди.

Спорттук мелдешке Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунан тандалган командалар катышты. Иш-чаранын негизги максаты — облустагы мектеп директорлорунун ортосундагы достукту, ынтымакты жана кызматташтыкты түзүү.

Өткөн жылдары мындай саамалык Москва жана Ысык-Ата райондорунда уюштурулуп келген. 2019-жылдын башында Жайыл районунда өткөрүлгөн. Тактап айтканда, башка райондор да катышып, «Ынтымак» спорттук коому түзүлгөн.

«Билим берүү кызматкерлеринин негизги милдеттеринин бири — дени сак балдарды тарбиялоо. Буга мектеп жетекчилери, мугалимдер жана тарбиячылар дайыма өздөрүн үлгү тутуусу керек. Ошондуктан жаштарга үлгү болуу, ден соолукту чыңдоо, педагогикалык кызматташтыкты түзүү максатында спорттук турнирди өткөрүп келүүдөбүз. Келечекте улуттук оюндарды да кошуп, облусубуздагы бардык райондорду катыштырууну көздөп жатабыз. Албетте, бул окуу-тарбия процессине терс таасирин тийгизбейт. Окуу-тарбиялоо мекемелери 5 күндүк окууга өткөнү бизге да шарттарды түздү. Турнирди атайын планыбыз боюнча шартка карап, ишемби күнү гана өткөрөбүз», - деди Р.Султанов.

Түзүлгөн «Ынтымак» коомунун ишмердүүлүгүн Сокулук райБББнүн башчысы К.Эмилбеков, Москва райБББнүн башчысы Н.Тезекбаев, Жайыл райБББнүн башчысы Т.Арыков жана башкалар кубатташты. Ал эми мектеп директорлорунун аксакалы, Кара -Балта шаарындагы №4 мектептин директору А.Алыкулов жетекчилердин атынан демилгени колдоду.

Турнирдин соңунда калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды.

Волейбол боюнча:
- 1-орун — Аламүдүн району,
- 2-орун — Москва району,
- 3-орун — Ысык-Ата району.

Кичи футбол боюнча:
- 1-орун — Ысык-Ата району,
- 2-орун — Москва району,
- 3-орун — Аламүдүн району.

Жеңүүчүлөргө кубок жана акчалай сыйлыктар берилди. «Ынтымак» спорттук коомунун эстафетасын Чүй облустук усулдук билим берүү борборунун директору Ысык-Ата райБББнүн башчысы Болот Иманалиевге тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up