Канттагы №2 орто мектептин окуучуларына даректүү тасма көрсөтүлдү (сүрөт)

Канттагы №2 орто мектептин окуучуларына даректүү тасма көрсөтүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы №2 орто мектебинин окуучуларына «Улуу согуш» аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалимдери билдиришти.

«Бул тасма сыналгыдан бергендерден өзгөчө болду. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө кызыктуу жана объективдүү даректүү сериал экен. Ал 18 бөлүмдөн туруп, ар бир бөлүмүндө согуштун олуттуу этаптары тууралуу баяндалат. Иш-чаранын максаты — дүйнө тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп калган согуштун жүрүшүн анализдөө менен көрүүчүлөргө туура маалымат жеткирүү», - дешти мугалимдер.

Бул тарыхый тасманы көрүүгө 4-5-класстын окуучулары тартылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up