Сокулуктук окуучулар министр жана белгилүү футболчу менен жолугушту (сүрөт)

Сокулуктук окуучулар министр жана белгилүү футболчу менен жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектебинин 6-9-класстарынын окуучулары Агрардык университетине барып, белгилүү инсандар менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айдай Жолчубаева аймактык кабарчыга билдирди.

«Иш-чараны «Инсандык өнүгүү» клубу уюштуруп беришти. Биздин окуучулар эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, футбол дүйнөсүндө аттын кашкасындай таанымал футболчубуз Азамат Байматов жана ар дайым жакшылыкка жар болуп келген «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Айдар Кубанычбеков менен жолугушуп, суроолоруна жооп алышты. Аталган инсандар окуучуларга өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, алардын суроолоруна жооп берүү менен бирге кызыктуу суроо берген окуучуларга белек-бечкектерин берип, кол тамгаларын коюп беришти.

Улукбек Кочкоров өз сөзүндө окуучуларды талыкпай билим алууга, эч убакта жалкоо болбоого үндөсө, Азамат Байматов: «Ушул даражага жеткирген ата-энелерибиз аман болушсун, аларды көзү барда сыйлайлы», - деген акылын айтты. Ал эми Айдар Кубанычбеков: «Ар дайым алсыздарга кол сунуп, жардам берүүдөн жадабайлы, жакшылыкка жарчы бололу. Бирөөгө жардамыӊ тийсе, ал сөзсүз сага эки эсе кайтып келет», - деп баса белгиледи», - деди А.Жолчубаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up