Ак-Суунун Ак-Булак айылындагы мектепке «Электрондук китепкана» киргизилди (сүрөт)

Ак-Суунун Ак-Булак айылындагы мектепке «Электрондук китепкана» киргизилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булак айылындагы Б.Мамытов атындагы орто мектеби Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен «Электрондук китепкана» программасына киргизилди. Ошондой эле 21 компьютер, 4 ноутбук, 4 проектор жана башка керектелүүчү каражаттар менен камсыз болду.

Бүгүнкү күндө райондук билим берүү бөлүмү аталган долбоорду райондогу бардык мектептерге тааныштыруу жана жайылтуу максатында «Электрондук китепкана – мезгил талабы» аттуу көргөзмөлүү семинар өткөрдү. Ага райондогу 35 мектептин жетекчилери, тиешелүү кызматкерлери катышышты.

Заман талабы болгон электрондук китептерди пайдалана билүүдө мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин жетишкен ийгиликтери семинардын катышуучуларын кайдыгер калтырган жок. Аталган мектепте бардык предметтер боюнча электрондук китепкананы колдонуу менен бардык класстарда сабактар өтүлүп келүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up