Бишкектеги №92 кесиптик лицейдин айрым мугалимдери директор эмне үчүн жумуштан алынганын айтышты

Бишкектеги №92 кесиптик лицейдин айрым мугалимдери директор эмне үчүн жумуштан алынганын айтышты

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы С.Чокморов атындагы Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн №92 кесиптик лицейинин педагогикалык жамаатынын бир бөлүгү директордун жумуштан бошотулушу тууралуу чечимди колдошот. Бул тууралуу алар 5-мартта АКИpress маалымат агенттигиндеги жыйында билдиришти.

Катышуучулардын бири Нурзада Каримованын айтымында, кесиптик лицейдин мурунку директору Динара Ашированын кызматтан кетишине кадрдык жана финансылык башаламандыктар себеп болду. «Ал директор болуп иштеген 2 жылдын ичинде 25-30 кызматкерлерди жумуштан бошотуп, 6 директордун орун басарын алмаштырды. Окуу процесси үзгүлтүккө учурады. Каналдардын бирине окуу жайдын абалын көрсөттү, бирок ал, чынында, өзүнүн 2 жылдагы ишин көрсөтүп койду», - деди ал.

Анын сөзүнө вахтер Салтанат Каргабаева кошулду. «Жатаканага 2018-жылдын 4-сентябрында кабыл алынгам. 2 бөлмөнү үй кылып алган. Анда туугандары, атасы, сиңдилери жашашты. 62 окуучу жашайт деген тизме түзүп алган, бирок, чынында, ал жакта 18 гана окуучу жашаган», - дейт ал.

Студент Нурзада Каримованын сөзүнө караганда, жатаканага кирерде бардыгы 2000 сомдон чогултуп беришкен. «Душ салып беребиз деп, бирок салып беришкен жок. Өздөрүнө гана салды. Ажаткана жок, эшикке чыгабыз. Муздак сууга пол жууйбуз», - деди студент.

Аталган окуу жайда 15 жылга жакын иштеген Муфтидин Букардинов болсо, окуу жай көтөрүлбөй эле, талкаланганын айтат. «Окуу жайдын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы, ижарага бөлүнгөн бөлмөлөрдөн түшкөн каражаттарга деле жыртык-тешиктерди бүтөп койсо болот болчу да. Директор менеджер болуш керек, жыртык-тешиктерди бүтөшү керек», - деп билдирди ал.

Жаш мугалим Залкар Кыдыков да өз оюн айтты. «Мен 2018-жылдын февралында орун басар болуп иштедим. Көпчүлүк кызматкерлердин диплому, стажы жок болчу. 2018-жылдын февралынан ушул күнгө чейин мамлекеттик органдарга кайрылып келгенбиз. Алар комиссия жибергенде дарыланууга, өргүүгө чыгып кетчү. Бул лицей университеттин деңгээлине жете турган окуу жай. 200гө жакын студент бар. «Колум сынды, сабап кетти» деген сөздөр калп. Колу сынган эмес, эти чоюлуп кеткендиктен, гипс салдырып алган. Буга чейин да мындай иштерди жасап келген», - деп билдирди З.Кыдыков.

Маалымат жыйынга катышкан мугалимдер азыркыга чейин Динара Аширова мөөрдү жана кабинеттин ачкычын тапшырбай жатканын кошумчалашты.

--------------------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин аталган кесиптик лицейдин директору Динара Аширова кызматтан алынышы боюнча чечимге макул эместигин айтып, маалымат жыйын өткөргөн. Анда ал Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов директорлук кызматты аткаминерлердин бири сурангандыктан, башка адамга өткөрүп бергиси келип жатканын билдирген.

Өз кезегинде Таалайбек Чолпонкулов Билим АКИpress басылмасына №92 кесиптик лицейдин директору Динара Аширова 2018-жылдын 31-январында бир катар укук бузуулар беренеси боюнча жумуштан бошотулганын маалымдаган. «2018-жылдын ичинде эле Аширова 1 эскертүү жана 3 сөгүш алган. Финансылык жана окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу боюнча фактылар далилденди. Тактап айтканда, акча чогултуу боюнча студенттердин арыздануулары. Педагогикалык жамааттан да директор өзүнүн туугандарын, тааныш-билиштерин жумушка алып жатканы тууралуу даттануулар келип түшкөн», - деген ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up