«Ак калпак – кутум, сыймыгым»: Бер-Булактагы мектепте Ак калпак күнү белгиленди

«Ак калпак – кутум, сыймыгым»: Бер-Булактагы мектепте Ак калпак күнү белгиленди

Билим АКИpress - Аламүдүн районуна караштуу Бер-Булак айылынын О.Турсуматов атындагы орто мектебинде 5-март – Ак калпак күнүнө карата «Ак калпак – кутум, сыймыгым» аттуу класстан тышкаркы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Гүлнара Мамбетиманова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чараны 6-«Б» класстын жетекчиси Гүлнара Кыдыралиева уюшутурду. Иш-чарага кыргыз айымдарынын ажарын ачкан элечек, улуттук кийимдерин кийген Бер-Булак айылынын тургундары Гүлнара Сейталиева, Гүлкайыр Карабалаева, Бишкек шаарынан келген Гүдмира Дүйшөмбиева катышты.

«Класстан тышкары сабак калпак жөнүндөгү маалыматты чагылдырган Искендер Зулхайнайын (Александр Македонский) жөнүндөгү тарыхый уламышты сахналаштырып аткаруу менен башталды. Андан кийин калпактын мааниси, түзүлүшү чечмеленип, акын Ш.Дүйшеевдин ыр саптары окудуп, «Ак калпак» деген обондуу ыр аткарылды. Иш-чарада бардык класстардын дубал гезиттери жана кыргыздын улуттук баш кийимдери жөнүндөгү стенддер менен жабдылылган», - деди мектеп директору..

Ал ууз-чебер, маркум Гүлшара Сейталиева апанын өнөрүн улап келе жаткан келини Гүлнара Сейталиева калпак жөнүндө кызыктуу маалыматтарды бергенин баса белгиледи. «Кыргыздын улуттук баш кийими – ак калпактын моделин түзгөн авторлордун бири Бер-Булак айылынын кадырлуу тургуну, эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу, көптөгөн диплом, медалдардын ээси, ууз-чебер, маркум Гүлшара Сейталиева апанын өнөрүн улап келе жаткан Гүлнара Сейталиева окуучуларга калпактын жасалышы, анын жаш өзгөчөлүгүнө карап тигилерин, ар бир өрөөндүн калпактарынын өзгөчөлүктөрү бар экенин айтып берди. Ошондой эле калпактын маанисин чечмелеп, апасынын колунан чыккан, кийин өзү жасаган калпактарды көрсөтүп, түшүндүрүп берди. Андан соӊ республикалык «Элечек» долбоорунун катышуучулары Гүлмира Дүйшөмбиева, Гүлкайыр Карабалаева кыргыздын улуттук баш кийимдери, анын ичинде элечек жөнүндө кеӊири түшүндүрүп, аӊгеме куруп беришти», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up