Билим берүү министрлиги «Ийгиликке карай жол» аттуу балдардын сүрөт сынагын өткөрүүдө

Билим берүү министрлиги «Ийгиликке карай жол» аттуу балдардын сүрөт сынагын өткөрүүдө

Билим АКИpress - Бишкекте «Ийгиликке карай жол» аттуу балдардын сүрөт сынагы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сынак Билим берүү жана илим министрилигинин, республикалык «Балажан» окуу-методикалык эстетикалык тарбия берүү борборунун, Европа Биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда өткөрүлүп жатат.

Республикалык сынактын максаты – балдарды чыгармачылыкка үндөө, билимдин инсандын калыптанышында маанилүү ролу жөнүндө ойлонууга түрткү берүү.

«Адамдын жашоосунда билимдин ролу абдан зор. Билим жакшы кесипке ээ болууга, жашоодо ийгиликтүү болууга жардам берет. Катышуучулар жашоодо билим кандай ролду ойной турганын сүрөткө тартышы жана билим ийгиликке жетүүдө эмне үчүн абдан маанилүү экенин көрсөтүшү керек», - деп белгилешет уюштуруучулар.

Сынакка 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар катыша алышат. Ар кандай техникада (гуашь, акварель, түстүү карандаштар, бор ж.б) аткарылган иштер кабыл алынат. Иштер 2019-жылдын 20-мартына чейин «Балажан» борборунда кабыл алынат. Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 53.

Сынактагы мыкты иштер көргөзмөлөргө коюлат. Көргөзмөнүн ачылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2019-жылдын апрель айында өтөт. Жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышат.

Сынактын жобосу менен Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан таанышсаңыздар болот: http://edu.gov.kg/ru/.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн 0 (0312) 38 32 60, 0 (312) 88 12 11 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up