«Электрондук каттоо» аркылуу 1-класска 2177 өтүнмө келип түштү, - Билим берүү министрлиги

«Электрондук каттоо» аркылуу 1-класска 2177 өтүнмө келип түштү, - Билим берүү министрлиги

Билим АКИpress - «Электрондук каттоо» аркылуу 1-класска 2177 өтүнмө келип түштү. Бул тууралуу 5-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 5-мартка карата 1-класска кабыл алуу үчүн «Мектепке электрондук каттоо» системасына 2177 өтүнмө катталды.

Министрлик «Мектепке электрондук каттоо» системасын жакшыртуу иштерин улантууда. Система ишке киргизилгенден бери маалыматтар базасына кошумча 4,5 миңден ашуун дарек киргизилген.

Ведомствонун кызматкерлери Муниципалдык аймактык башкармалыктар менен даректерди тактоо боюнча жолугушууларды уюштурууну улантууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up