Кеминдеги мектептерде Туу жана Ак калпак күндөрү белгиленди (сүрөт)

Кеминдеги мектептерде  Туу жана Ак калпак күндөрү белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Кемин районундагы билим берүү мекемелеринде 3-март — Кыргыз Республикасынын Туусунун кабыл алынгандыгын 27 жылдыгына жана 5-март — Ак калпак күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева билдирди.

Маалым болгондой, Жаңы-Алыш айылындагы Т.Абдумомунов атындагы орто мектебинде «Ак калпак кийген Ата Журт» аталышындагы райондук иш-чара өткөрүлдү. Ага тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана мугалимдер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 4-класстын класс жетекчиси Э.Шамырканова «Ак калпак — ата мурасы», 7-класстын класс жетекчиси А.Жылкыбаева «Ак калпак — ата мурасы», 6-класстын класс жетекчиси Г.Шаршеналиева «Ак калпакты аздекте!» аттуу класстык тарбиялык сааттарды өтүштү. Ал эми 6-класстын класс жетекчиси М.Төлөмүшова «Ак калпак кийген Ата Журт» аттуу сабак-кече өткөрдү.

Класстык тарбиялык сааттардын негизги максаты — Туунун жана Ак калпактын тарыхын белгилөө менен окуучуларду патриоттуулукка, мекенчилдикке үндөө жана улуттук баалуулуктарды баалай билүүгө тарбиялоо.

Ошондой эле жалпы мектептерде 5-март күнү «Кылкылдаган кызыл туусу колунда, Кыргызстаным азаттыктын жолунда!» аттуу ураан астында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 27 жылдыгына карата «Желбирей бер эркиндиктин желеги!» аттуу акция өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up