Ак-Сууда окуучулар ак калпак кийип, жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт)

Ак-Сууда окуучулар ак калпак кийип, жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Суу районунун Киров жана Мамакеев атындагы мектеп-гимназияларынын окуучулары 5-март — Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Суу райондук маданият үйүнүн алдында майрамдык иш-чара өтүп, ага раймамадминистрациянын, маданият бөлүмүнүн, ардагерлер кеңешинин, Теплоключенка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мектеп окуучулары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ак калпак күнүнө карата Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Б.Иргебаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Т.Дылдаев сөз сүйлөштү. Ал эми окуучулар атайын даярдалган кыска концерттик программа тартуулашып, калпактын тарыхы жөнүндө маалымат беришти жана ырларды окушту. Ошондой эле улуттук бийлерди жана патриоттук ырларды аткарышты. Иш-чара флеш-моб менен жыйынтыкталды.

Ак калпак күнүнүн урматына Ак-Суу районундагы башка билим берүү мекемелеринде да майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Калпак тууралуу тематикалык тарбиялык сааттарда, салтанаттуу линейкаларда окуучуларга кыргыздын баш кийими — калпактын тарыхы тууралуу маалыматтар берилди. Бул күнү окуучулар ак калпак кийишип, анын улуулугу, бийиктиги, ден соолукка пайдалуулугу, кайсы куракта кандай калпакты кийүү эрежелери боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up