Канттагы №2 мектеп-гимназияда Ак калпак күнү белгиленди (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Кант шаарындагы №2 мектеп-гимназиясында Ак калпак күнү белигленип, анда мугалимдер менен окуучулар улуттук кийим менен концерттик программа тартуулашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектеп-гимназиянын директору Чынара Кемелова билдирди.

«Мектептин алдыңкы мугалимдери Шайыр Исмаилова жана Аптап Рахманкулова 8-«б» класстын жана 6-«а» класстын окуучулары менен концерттик программа уюштурушту. Иш-чарада ак калпак жөнүндө маалыматтар айтылып, ыр саптары окулду. Ошондой эле улуттук бийлер аткарылып, комуз менен кыяк ийриминин жетекчиси Тилек Нургазиевдин коштоосунда шаӊдуу музыка жаӊырды», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up