Куршабдагы мектеп окуучулары «Кара жорго» бийин бийлөө боюнча ат салышты (сүрөт)

Куршабдагы мектеп окуучулары «Кара жорго» бийин бийлөө боюнча ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында Ак калпак күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган айылдык маданият үйүнүн директору Мурас Мажитов билдирди.

Анын айтымында, Ак калпак күнүнүн урматына бий боюнча сынак уюштурулду. «Куршаб айыл өкмөтүндөгү 6 мектептин окуучуларынын арасында «Кара жорго» бийин бийлөө боюнча сынак өттү. Сынакка ар бир мектептен 50дөн окуучу катышты. Жыйынтыгында 1-орунду И.Бектемиров атындагы мектептин окуучулары, 2-орунду А.Таңатаров атындагы мектептин окуучулары жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылды», - деди ал.

Мындан сырткары, айылда атайын жөө жүрүш уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up