Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылындагы окуучулар ак калпакты даңазалашты (сүрөт, видео)

Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылындагы окуучулар ак калпакты даңазалашты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Э.Гапаров атындагы орто мектебинде Ак калпак күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Уланбек Далиев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Турдубек Ишенбаев, Кызыл-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Манас Алымов жана райондогу мекеме-ишкана, уюмдардын кызматкерлери, Э.Гапаров атындагы мектептин жааматы катышышты.

Майрамдын башталышында акимдин биринчи орун басары Уланбек Далиев сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларын куттуктады. Аны менен катар окуучулар ак калпакты даназалаган концерттик программасын тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up