Белгилүү окумуштуу Теңдик Аскаров акыркы сапарга узатылды

Белгилүү окумуштуу Теңдик Аскаров акыркы сапарга узатылды

Билим АКИpress - Кыргыз Улуттук илимдер академиясында 6-мартта маркум Аскаров Теңдик Аскаровичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

УИАнын корреспондент-мүчөсү, көрүнүктүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор Аскаров Теңдик Аскарович узакка созулган оорудан кийин, 2019-жылдын 4-мартында 82 жашында дүйнө салды.

Маркум Теңдик Аскарович менен коштошуу зыйнатында УИАнын вице-президенти, мүчө-корреспондент Осмон Тогусаков окумуштуунун өмүр таржымалына кыскача токтолду. «Теңдик Аскарович илимде өз ордун тапкан, илимий ири эмгек жасаган, адилеттүү адам эле. Бардыгыбыздын кабыргабыз кайышып турат. Жаткан жери жайлуу болсун. Туугандарына кайрат айтабыз», - деди ал.

Т.Аскаров 1937-жылдын 18-декабрында Жалал-Абад областына караштуу, Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1960). Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасында окуп (1960-1963), Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, окумуштуу катчы (1963-1967), кийин «Кыргызстан маданияты» жумалык гезитинин башкы редакторунун орун басары, Кыргызстан компартиясынын БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы (1967-1971), Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы (1971-1986), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы (1980-1985), 1986-жылдан тарта КР УИАнын азыркы Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунда сектор башчысы, окумуштуу катчы, социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенди. 1964-жылы кандидаттык, 1993-жылы докторлук диссертацияларын жактаган, ал эми 2000-жылы КР УИАнын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.

Социалдык философия жана эстетика боюнча ири адис катары Т.Аскаров философиялык маселелерге, көркөм маданиятка диалектиканын мыйзамдары менен категориялары аркылуу терең ой жүгүртүп, илимий, көркөм процесстин көрүнүштөрүнө анализ жүргүзүүнүн салттуу эмес жолдорун издөөгө далалат кылган. Анын илимий эмгектерине жандуу чыгармачылык процессти жакшы билүүчүлүк жана теоретикалык ойломдун жогорку деңгээли, теоретикалык ой жүгүртүүлөр менен жалпылоолордун ар тараптуулугу менен кеңдиги таандык. Терең эрудиция менен үзүрлүү илимий дараметке ээ болуу нукура илимге болгон жакындыкты, теоретикалык анализдерге болгон тартылууну так көрсөтүп, идеялык-саясий маданиятка ээ болгон.

400дөн ашуун жарык көргөн илимий, илимий-публицистикалык эмгектердин, анын ичинде 16 монографиянын, 1 окуу куралынын, 4 макалалар жыйнагынын, 9 брошюранын автору. Философия илимине кошкон өзгөчө салымы катары анын төмөнкү илимий эмгектери эсептелет: «Эстетическая природа художественной условности» (Фрунзе, 1966); «Философский анализ литературного процесса» (Алматы, 1993); «Образдуу ой жүгүртүүнүн чексиздиги» (Бишкек, 2000); «Поиски вечного абсолюта» (Бишкек, 2010) ж.б. Анын жетекчилиги алдында бир нече докторлук жана кандидаттык диссертациялар жакталган. Т.Аскаровдун илимдин өнүгүүсүнө кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал «Элдердин достугу», «Ардак Белги» ордендери, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, «Даңк» медалы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамына ээ болгон.

Т.А.Аскаровдун жаркын элеси республиканын илимий жана чыгармачыл коомчулугунун эсинде түбөлүк сакталат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up