Кыргызстандык педагогдор Түркия бала бакчаларында тажрыйба алмашып келишти (сүрөт)

Кыргызстандык педагогдор Түркия бала бакчаларында тажрыйба алмашып келишти (сүрөт)

Билим АКИpress - «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо бала бакчалары — өнүгүү борборлору» долбоорунун өрнөктүү өнөктөштөрү, педагогдору 2019-жылдын 17-23-февралдарында Түркүя мамлекетинде болушту.

Иш-чаранын максаты — Түркиянын билим берүү системасы, айрыкча, айыл жергесиндеги кенже курактагы балдарды өнүктүрүү тажрыйбалары, инновациялык жетишкендиктери менен таанышуу.

Бул иш сапарды «Түрк дүйнөсү» муниципалитеттердин биримдиги колдоду (TDBB). Түркия мамлекетине сапарга чыгуудан мурда «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду жетекчилер үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүнүн педагогдору менен жолугушуу уюштурду. Жолугушууда аталган бөлүмдүн окутуучусу доцент Жемаль Инже Түркиянын туризми жана гастрономиясы тууралалуу презентация жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Делегациянын курамына Баткен, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Кѳл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарындагы бала бакча, мектеп, билим берүү башкармалыктардын, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери, методисттери кирип, жалпы 12 адамды түздү. Делегацияны «Р.Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева жетектеди.

Программанын биринчи күнүндө алар Коджаэли шаарынын «Гүлбахар Хатун Анаокулу» бала бакчасында болушту.

Делегациянын мүчөсү, «Жайлоо бала бакчасынын» мугалими Аксана Молдалиеванын маалыматы боюнча, аталган бала бакча 200 орунга ылайыкташтырылып салынып, учурда 150 бала 2 нөөмөт менен тарбияланат. «Бала бакча замандын талабына жооп бере тургандай салыныптыр. Учурда 150 бала, ар бир тайпада 15-18 баладан тарбияланат экен. Бала бакча 2 нөөмөт менен иштейт, эртең менен 3 тайпага 3 мугалим 5 сааттан окутушат. Ал эми түштөн кийинки 3 тайпага, 3 башка тарбиячылар келет. Бала бакчада бизди эркек тарбиячылардын болгону таң калтырды. Бизден айырмаланып, алардын негизги максаты — балдарды өнүктүрүүгө жана коомдук жашоого аралашууга, даярдоого басым жасашат экен. Бул бала бакчанын дагы бир өзгөчөлүгү — уктоочу бөлмөнүн жоктугу. Анткени баланын тамак-аш жана уктоо муктаждыктарын ата-энелер камсыз кылышы керек», - деп билдирди А.Молдалиева.

Кийинки сапар ошол эле шаардын «Erturul Gazi» бала бакчасында уланды. Бул бала бакчанын таасири кыргызстандыктар үчүн өзгөчө болгондугун белгилешти. Анткени мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлгөндүгү, балдардын өнүгүүсүнө чоң таасир этерине күбө болушту. Бала бакчада тарбияланып жаткан балдар ар кандай оюндар менен өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү.

Программа боюнча, кыргызстандыктар 8 бала бакчада болушуп, негизи балдарды 3 жашынан баштап өз алдынча ойлонууга, сүрөт тартууга, сүрөт аркылуу түшүнгөнүн баяндоого, аңгемелешүү жөндөмдүүлүгүн арттырууга үйрөтү, көндүргөндүктөрүнө күбө болушту.

Катышуучулар Түркия мамлекетиндеги тажрыйба алмашуу сапары жемиштүү болгонун, алган маалымат, тажрыйбаларын өздөрүнүн бала бакчаларында колдонорлорун жана башка кесиптештерине дагы жайылтуу пландары бар экендигин баса белгилешти.

Түркия мамлекети Кыргызстандагы «Жайлоо бала бакчалары» долбооруна кызыкдар экенин айтышып, кызматташтык уланарын билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up