Ак-Талаадагы 3 мектепте өз өмүрүн кыюуга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ак-Талаадагы 3 мектепте өз өмүрүн кыюуга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 3 мектептин окуучулары менен ата-энелерге өзүн өзү өлтүрүүгө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын капитаны Аманбек Разаков билдирди.

Маалым болгондой, Жаңы-Талап айылынын Байымбет, Тоголок Молдо айылынын Ж.Сатылганов жана Ак-Тал айылынын А.Турдакунов атындагы орто мектептеринин окуучулары менен ата-энелерине жаш өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол малуусуна жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чара РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, дин өкүлдөрү жана мектеп администрациясы тарабынан өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up