Нарында окуучулар арасында «Милициянын жаш жардамчысы» сынагы өтүүдө (сүрөт)

Нарында окуучулар арасында «Милициянын жаш жардамчысы» сынагы өтүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарында Нарын ОИИБ тарабынан «Милициянын жаш жардамчысы» кароо-сынагы өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган сынакка облустагы ар бир райондон жана Нарын шаарынан келген 6 команда катышууда. Аталган сынак буга чейин ар бир аймактарда өткөрүлүп, жеңүүчүлөр облустук турга келишкен.

Сынактын жүрүшү жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук боюнча Нарын ОИИБдин башчысы Уланбек Аалиев маалымат берип өттү. Ал облустун аймагында жыл башынан бери өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук көбөйгөнүн, эки кылмышка катышкан топ кармалганын билдирди.

«Нарын облусунда бул кароо-сынак быйыл экинчи ирет өткөрүлүүдө. Анын негизги максаты — биздин келечек муундарыбыз туура кесип тандоосуна түрткү берүү, ошондой эле коомчулукта жүрүп жаткан жаңы мыйзамдар менен тааныштыруу. Катышуучуларга жол коопсуздук эрежелерин сактоо, көрсөтмө ыкмалары жана милициянын тартиптик уставы боюнча тапшырмалар берилди.

Жеңүүчүлөргө ардак грамоталар жана белектер тапшырылат. Жеңген команда республикалык сынакка катышууга жолдомо алат. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча былтыр биз март айында форум өткөргөнбүз. Анын негизинде бир катар иштер аткарылды. Мисалга алсак, былтыр өспүрүмдөр арасында 3 өз жанын кыюу фактысы катталса, быйыл жыл башынан бери мындай окуя каттала элек.

Жаш балдар арасындагы кылмыштуулук былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көбөйүп баратат. Мисалы, 2 ай аралыгында эле эки топ кармалды. Алардын бири Ат-Башы районунан кармалса, экинчиси Юридикалык колледждин 4 студенти кармалып жатат. Алар 2002-2003-жылы төрөлгөндөр. Жакында эле облустук деңгээлде өткөрүлгөн өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча кеңешмеде облустук билим берүү бөлүмүнө окуучулардын кылмыштуулукка тартылуусунун алдын алууга көңүл бурууну айтканбыз. Себеби ошол студенттер окубай эле акчага баа алып, сабакка барбай, кылмыштуулукка тартылып жатканын айтканбыз. Ошондой эле зордук-зомбулук боюнча фактылар былтыркыга салыштырмалуу быйыл азайды. Азыр ар бир мектептерде иш-чаралар уюштурулуп, спорттук мелдештер өтүүдө», - деди У.Аалиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up