Кеминдеги «Жаз периси – 2019» сынагын 10-класстын окуучусу жеңип алды (сүрөт)

Кеминдеги «Жаз периси – 2019» сынагын 10-класстын окуучусу жеңип алды (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районунда 8-март — Эл аралык айымдар күнүнө карата окуучулар арасында «Жаз периси - 2019» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 6-марть күнү Кемин районунда «Жаз периси - 2019» атту сынак өтүп, ага 9 орто мектептин окуучу кыздары катышты. Сынактын катышуучулары өздөрүнүн вокалдык, хареографиялык, интеллектуалдык, кол өнөрчүлүк таланттарын көрсөтүштү.

Сынактын жыйынтыгында «Жаз периси – 2019» наамын Алмалуу орто мектебинин 10-классынын окуучусу Чолпонбаева Калмира жеӊип алды.

Калган катышуучулардын бардыгы сыйлуу белектерге ээ болушту. Сынакты Кемин районундагы жаштар иштери боюнча бөлүмү менен балдар жана өспүрүмдөр борбору уюштурушкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up