Ак-Талаанын кол өнөрчү мугалимдери 3 күндө 1,5 метрлик калпак тигишти (сүрөт)

Ак-Талаанын кол өнөрчү мугалимдери 3 күндө 1,5 метрлик калпак тигишти (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы балдар билим берүү борборунун мугалимдери Ак калпак күнүнө карата бийиктиги 1,5 метр болгон калпак тигип чыгышты. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Айнура Баязова билдирди.

Маалым болгондой, борбордун кол өнөрчүлүк ийриминин жетекчилери Венера Молдакунова, Токтосун кызы Айгерим жана сүрөт ийриминин жетекчиси Акылбек Мамбетов 1,5 метрлик калпакты 3 күндө тигип бүтүштү. Калпак жасоого 4,5 метр ак кийиз, 3 метр кара баркыт кездемеси колдонулган.

Андан сырткары, борбордун комуз ийриминин окуучулары «Ак калпак — Ала-Тоонун символу» аттуу кече уюштурушту. Аларды комуз ийриминин жетекчиси Гүлзат Шакирова даярдады. Кечеде калпакты даңазалаган ырлар ырдалып, калпак жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up