Депутат дааратканада «наркоздо» жаткан студенттер тууралуу эмне дейт?

Билим АКИpress - Депутат Улугбек Ормонов («Бир Бол») 7-мартта парламенттин жыйынында өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын абалы тууралуу маселени көтөрдү.

Анын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 63 ЖОЖ бар болсо, аларда 167 миң студент билим алат. 32 университет мамлекеттик болуп эсептелет, аларда 142,5 миң студент окуйт.

«Мен 4 университеттин билим берүү системасы кандай болуп жатканын салыштырдым. Бул университеттерде окутуу мамлекет тарабынан курулган имараттарда жүргүзүлөт. Акыркы 3 жылда Ош мамлекеттик университети 12 жаңы имарат курду, жаңы жабдыктар коюлду. Башка ЖОЖдордо мындай жок: имарат салынмак түгүл, кичинекей бир нерсе курулган жок», - деди ал.

Ормонов башка университеттердин жетекчилери ОшМУнун ректорунан үлгү алышы керек деп эсептейт.

«Улуттук университет биздин билим берүүнүн флагманы... Шайлоолор жана ар кандай чыр-чатактар азыркы абалга алып келди. Биз социалдык тармактардан Улуттук университеттин студенттеринин абалын көрдүк. Жакынкы арада чара көрүп, жакшы жетекчилерден үлгү алуу керек», - деди ал.

Ормонов өкмөт келишимдик негизден түшкөн каражаттар кайда кетерин көзөмөлдөшү зарыл экенин билдирди. «Эгер эмгек акы көтөрүлбөсө, эч нерсе курулбаса, акчалар кайда кетип жатат?», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up