Көп өлкөлөрдү кыдырып, сулуулук сынагын жеңген Бурулай президенттин жубайы болгусу келет (сүрөт)

Көп өлкөлөрдү кыдырып, сулуулук сынагын жеңген Бурулай президенттин жубайы болгусу келет (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — ОшМУнун 4-курсунун студенти Бурулай Камчы кызы. Ал мектепте окуп жүргөндө көп ийгиликтерди жараткан. Ошондой эле студент кезинде ар кандай маданий иш-чараларга катышып, ал тургай, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн, университеттерин көрүп келүүгө жетишти.

«Мен 1997-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Таш-Арык айылында туулгам. 2004-жылы ошол эле айылдын К.Абдылдаев атындагы орто мектебине 1-класска киргем. 1-класстан баштап окууну бүткөнгө чейин класстын президенти болдум. Бардык предмет мен үчүн кызыктуу болчу, бирок негизги орто билим берүү баскычын бүткөн соң, чоңойдукпу же жашоого олуттуу карап калдымбы, так илимдерге болгон кызыгуум өчтү. Мына ошол себептүү адабиятка кызыгып, ыр жазып баштадым. Эч кимге көрсөтпөгөн ыр дептерим дагы сакталуу.

15 жашымдан комуз ийримине катышып, мектепте өткөрүлгөн майрамдарда, райондук, областтык иш-чараларда комузда кол ойнотобуз. 9-класстан кийин айылдагы бийге кызыккан кыздар биригип, «Арзуу» аттуу бий тобун түзүп, Кара-Суу шаарында өткөн концерт, фестивалдарда чыгып жүрүп, элге тааныла баштадык. Кийин, окууну аяктаганда ар ким өз жолу менен кетип, бий тобу жоюлуп кеткен. Көркөм окуу боюнча сынактарга, кыргыз тилинен жана англис тилинен олимпиадаларга катышып, облустук деңгээлге чейин жетчүмүн. Ошентип, окуучулук кезде жыл сайын грамота, медаль албасам ыйлап, жадакалса, лагерге барганда да олжолуу кайтканга аракет кылар элем.

2015-жылы окууну аяктап, Кыргыз-Түрк «Манас» университетине ата-энемден жашыруун тест тапшырдым. Бирок алар Бишкек шаарында окуума каршы чыгып, ата-энемдин макулдугусуз бул окуу жай мага насип этпеди. Окуучулук кезде кыялданганымдай, мугалим болом деп Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетине англис тили бөлүмүнө барам деп, немис тили адистигине барып калгам. 2015-жылы биздин немис тили кафедрасы жаңы ачылып, биринчи кабыл алынган студенттер болгонбуз. Кураторубуз М.Усманова: «Мага ишенгиле, жок эле дегенде, силерди бир жолу Германияга алып барып келем», - деп айтчу. Апам бул окуума да каршы чыгып, 2-курсумда ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине которуп койду. Алгач көнө албай, үйдөгүлөргө нааразы болуп жүрдүм. Азыр ойлосом, ошол кезде апам туура иш жасаган экен деп калам. Себеби бүгүнкү күндө тапкан чөйрөмдүн кеңейишине, досторумдун көбөйүшүнө азыркы учурда окуп жаткан факультетим себеп болуп берди.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине которулганымдан кийин да немис тилин таштабай окуп жүрдүм. Бош убактым болгондо курска жазылып окуп, мурунку тайпалаштарымдын да сабактарына катышып, айтор, байланышымды үзбөдүм. Ата-энем эч бир баласын сыртка чыгарып көрбөгөн адамдар болгондуктан, Германияга баруум өтө оор болду. Жылы бою суранып, ата-энеме айтпастан документтеримди даярдап, 3-курсту бүткөндө жай айларында Германиянын Гамбург шаарында «Феринжоб» программасынын негизинде иштеп келдим. 3 айга жакын убакытта шаар менен, шаардын адамдары менен таанышып, тил билүү деңгээлибизди практика жүзүндө өнүктүрүп келдик. Андан кийин, 2018-жылдын ноябрь айында алгачкы кураторум М.Усманованын демилгеси менен жазылган «Кыргыз-өзбек чек арасынын тарыхы жана азыркы учуру» деген темада долбоор жазып, ал «ДААД» программасынын сынагынан өтүп, ноябрь айынын алгачкы 2 жумалыгында Германия Федеративдик Республикасына тайпабыз менен саякаттоого бардык.

Берлин шаарында «Sachsenhausen» концлагерин көрдүк, «Bundestag» Германиянын Жогорку Кеңешинин отурумуна катыштык. Андан сырткары, Humboldt университетинде, Франкфурт шаарындагы Europa-Viadrina университетинде, Польша мамлекетинде жайгашкан Tadeuszi Koskiuzski атындагы Германия менен биргеликте түзүлгөн достук университетинде, Лейпцих шаарында азыркы учурдагы ГФРдин канцлери Ангела Меркель окуган Leipzig университеттеринде конокто болуп, ОшМУнун башка студенттери да бул жактарга келип, окуп кетишине шарт (келишим) түзүп келдик. Ал жактан алган таасирлер менен өзүбүзгө дагы күч топтодук.

Мына, ушул окуу жайымдын аркасы менен Москва, Польша, Түркиянын Анкара шаарын да көрүүгө жетиштим. Биздин билим ордодо 30 миңге жакын студент болсо, ректорубуз К.Исаков ар бир студент үчүн ата-эне көрбөгөн азапты көрүп, биз үчүн мүмкүнчүлүк издейт. Баары үчүн агайга, ОшМУга ыраазымын.

Университетибизде билим алууга гана басым жасалбастан, маданий иш-чаралар да арбын. 2016-жылы факультетте өткөрүлгөн «Идеалдуу түгөйлөр» кароо-сынагында 1-орунду алып, 2017-жылы Кыргыз филологиясы факультетинде өткөрүлгөн сулуулар сынагында жеңүүчү болуп, университеттик деңгээлдеги сынакка да катышкам. Андан сырткары, 2018-жылы ректордун колунан ыраазычылык кат алып, быйыл факультетте жыл жыйынтыгында «Стилдүү айым» наамын беришти.

Жаштар менен иш алып барганга, саясатка кызыгам. Өзгөчө, трагедия, драма жанрындагы китептерди окууну жактырам. Ага кошумча ар кайсы адамдар менен сүйлөшкөндү, маектешип отурууну жакшы көрөм. Алардын тагдыры жөнүндө баян угуп, окугум келет. Бул — өзүнчө чоң тема, чоң кызыгуу.

Учурда кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинде 4-курсунда окуп жатам. Университеттин жаштар иштери боюнча алдыңкы командаларынын бири Акыйкатчы аппаратында иштейм, «Жетиген» мектеп-лицейинде практикада жүргөн учурум. Ошондой эле «Боорукердик» балдар интернатына маал-маалы менен барып, балдарга тамга таанытып, тапшырмаларын аткарышына жардам берем.

Мен үчүн бардык нерсенин алдыңкысы жагат. Эгер мектепте мугалим болсом, баарына үлгү боло алган, университетте окутуучу болсом, мамлекетке мамлекет күткөндөй продукцияны бере алган, кандай кырдаал болбосун, туура багыт көрсөтө алган күчтүү адам болуп, президенттин жубайы болууну каалайм. Адамдын эң асылы болгум келет», - деп айтып берди Бурулай.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up