Ак-Суунун окуучулары менталдык арифметика боюнча облустук олимпиадада алдыңкы орундарды алышты (сүрөт)

Ак-Суунун окуучулары менталдык арифметика боюнча облустук олимпиадада алдыңкы орундарды алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Көл областында 2019-жылдын 3-мартында биринчи жолу «Акменар» интеллектуалдык өнүктүрүү борбору тарабынан менталдык арифметика боюнча областтык олимпиада болуп өттү.

Олимпиадага облустун бардык райондорунан жана шаарларынан 600дөн ашык окуучулар катышты. Алардын арасында Ак-Суу районунан 130дан ашык окуучу бар.

Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылындагы Д.Туратбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары жакшы жетишкендиктерди көрсөтүштү. Тактап айтканда, 1 окуучу 1-орунду багындырып, кубок, медаль жана смартфон утуп алды. 2 окуучу 2-орунду камсыздап, кубок, медаль жана смартфон саатка татыды. Дагы 2 окуучу 3-орунду алып, грамота, интеллектуалдык оюн менен сыйланышты.

«Акменар» интеллектуалдык өнүктүрүү борбору, райондук билим берүү бөлүмү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары аталган мектептин мугалими Махабат Кудайбергеновага жана мектеп директору Света Дүйшеевага ыраазычылык билдирип, окуучуларга байгелерин салтанаттуу түрдө тапшырышты.

1-орунду алган окуучу Адия Асакеева 2018-жылдын декабрь айында Астана шаарында болуп өткөн менталык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

Эми бул мектептин 5 окуучусу жана Тегизчил айылынын К.Эшимбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 3 окуучусу Ташкент шаарында боло турган менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадага сапар алганы турушат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up