Ак-Талаада мектептер менен бала бакчалардын мугалим-эжейлери спорттук мелдешке түшүштү

Ак-Талаада мектептер менен бала бакчалардын мугалим-эжейлери спорттук мелдешке түшүштү

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата мектептер менен бала бакчаларда эмгектенген кыз-келиндер арасында волейбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук спорт инструктору Улан Догдурбек уулу билдирди.

Маалым болгондой, мектеп жана бала бакчаларда эмгектенген кыз-келиндер арасында спорттук мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Волейбол боюнча 1-орунду Тоголок Молдо айылынын Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин мугалимдери, 2-орунду Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери, 3-орунду Терек айылынын К.Молдобасанов атындагы орто мектебинин мугалимдери камсыз кылышты.

Ал эми стол үстүндөгү теннис боюнча 1-орунду Гүлжаз Капарбекова, 2-орунду Айпери Даниярова жана 3-орунду Разакулова алышты.

Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул мелдешке райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана билим берүү тармагынын кесиптик бирлигинин башчысы Мирбек Сатындиев демөөрчү болушкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up