Азербайжан Бишкекте мектеп курат

Азербайжан Бишкекте мектеп курат

Билим АКИpress - 7-март күнү Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Худуш оглы Оруджев борбор калаага орто мектептин имаратын куруу жана Гейдар Алиев атындагы сейил багын түптөө тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, мэрия тарабынан Г.Алиев атындагы сейил багына бак отургузуу үчүн А.Токомбаев көчөсүн бойлой 5,5 га жер тилкеси убактылуу колдонууга акысыз негизде берилет.

Ошондой эле Көк-Жар конушундагы Молдокулов жана Куйручук көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2,24 га жер тилкеси 550 орундуу мектептин имаратын куруу үчүн элчиликке убактылуу колдонууга акысыз берилет.

Курулуштун архитектордук-пландык шарттары жана инженердик-техникалык шарттары боюнча долбоорду иштеп чыгуучулар менен биргеликте бардык инстанцияларда макулдашуу, долбоорду мамлекеттик экспертизадан өткөрүү, мыйзамга ылайык курулуш иштерине уруксат документтерин каттоодо мэрия тарабынан көмөк көрсөтүлөт.

Объекттердин курулушу Азербайжан Республикасы тарабынын жүзөгө ашырылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up