Нарындагы гимназиянын окуучулары ата-энелери менен бирге спорттук мелдеште ат салышты (сүрөт)

Нарындагы гимназиянын окуучулары ата-энелери менен бирге спорттук мелдеште ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №2 гимназияда 5-класстардын окуучулары арасында сынак өттү. Ага окуучулар ата-энелери менен спорттук үй-бүлө катары катышып, калыстар тарабынан берилген тапшырмаларды аткарышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын максаты — окуучуларды сергек жашоого даярдоо жана ата-энелер менен байланышты чыңдоо. Мелдештин жүрүшүндө 4 үй-бүлө ат салышып, гиря көтөрүү, кап кийип чуркоо, аркан тартыш, таяк тартыш жана пневматикалык мылтык менен атуу боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында 1-орунду 5-«В» классы, 2-орунду 5-«А» классы, 3-орунду 5-«Д» классы жана 4-орунду 5-«Б» классынын окуучулары камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up