Буту чыгып кетсе да оюнду уланткан жаш волейболчу Нурсултандын окуясы

Буту чыгып кетсе да оюнду уланткан жаш волейболчу Нурсултандын окуясы

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Кыргыз мамлекеттик курулуш, архитектура жана транспорт университетинин 2-курсунун студенти Нурсултан Амантаев. Ал мектепте волейбол ойноп, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Аймактык кабарчы жаш спортчудан кабар алды.

«Мен 1999-жылы 30-июнда Кара-Буура районунун Шекер айылында төрөлгөм. Спорт менен машыгып жүргөнүмө 4-5 жылдай болду. Мурун спортко кымындай да кызыгуум жок болчу. 9-классты бүтүп жатканда гана волейболго катыша баштадым. Ага чейин эч ойной алчу эмесмин.

Эң алгачкы жолу волейболду капыстан ойноп калгам. Ал мектепте класстар аралык мелдеш болчу. «Шыгың бар экен» деп, классташ балдарым чакырышкан. Спортко катышуума апам каршы болуп жүрдү. Бирок атам макулдугун берген. Машыгууларга жумуш бүтмөйүнчө жибербей коюшчу. Эсимде, бир жолу турнирге барыш үчүн бир чоң араба отунду 2 саатта жарып бүткөм (күлүп). Ушундай кызыктуу учурлар көп болду.

Биринчи ийгилигиме ата-энем аябай кубанышкан. Барган жерден биринчи болуп жүрдүк, команда менен жакшы ийгиликтерге жетишкенбиз. Эң алгачкы турнир Аманбаев (Грозный) айылында болгон. Ошондо мыкты оюн көрсөтө алганым үчүн улуу байкелер: «Мындай оюнду сенден күткөн эмеспиз, азаматсың!», - деп куттуктаганы мени аябай кубандырган эле (күлүп). Турнир бүтүп, айылга келгенде да команданын капитаны менен агайым куттуктап, бетимден өпкөнү эч эсимден кетпейт. Анткени ошол мелдештен 1-орунду алып, кубокту утуп келгенбиз.

Андан кийин Шекерде мелдеш болду. Анда да 1-орунду алганбыз. Жаңы-Жер (Бейшеке) айылындагы турнирден 3-орунга ээ болгонбуз. Ал эми коңшу айылдардан биринчиликти бербей жүрдүк. Райондук спартакиаданы утуп, облуска чейин чыгып ойночубуз. Бир жолу айылда облустук чоң турнир өтүп, оюндун жүрүшүндө бутумду чыгарып алгам. Агай «оюндан чыгып тур, ордуңа башка бирөө ойнойт» дегенине көнбөй, оюнду уланткан болчумун. Атамдын Бакыт деген агасы адамдардын чыгып кеткен колу-бутун салчу. Турнирден келе жатып ошол атама көргөзсөм, «чыгып, кайра өзү салынып калыптыр» деген (күлүп). Көрсө, чыгып кеткенине карабай секирип ойноп жүрө берип, кайра салынып калган экен.

Ошол күндүн эртеси эле Жоон-Дөбө айылына оюнга барып, аксап ойноп, ал жактан да жакшы ийгиликтерге жетишип келгенбиз. Сабакка кирбей, спорт залда эле жүрчүмүн. Агайым «сабакка кир» деп, кубалап эле жүрчү.

5 жылдын ичинде окуучулар арасындагы турнирлерге, колхозчулар менен кошулуп да көптөгөн мелдештерге бардым. Чынында барган жерден куру кайтчу эмеспиз. Жок дегенде эле 3-орунду алып келчүбүз. Мен курамага 11-класста кирдим. 1 жылдын ичинде 15 турнирден жеңишке жетишип, 20дан ашык медалга, 7 кубокко, 15тен ашуун грамотага ээ болгон элек.

Биринчи жолу 9-класста топ кармап, 10-класста кызыгып, машыгууга келип баштадым. Башында жакшы ойной албай, баары шылдыңдап күлүшчү. Кыздар шылдыңдаса каттуу намыстанат экенсиң. Элдер ойноп жатышканда мен тынбай машыгып жүрдүм. Намысыма эч ким тийишпесе азыр мен мындай даражага жетпейт элем», - деп айтып берди волейболчу.

Нурсултан үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусу.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up