Кош-Дөбөдөгү окуучулар апалардын улуулугун, аруулугун даңазалашты (сүрөт)

Кош-Дөбөдөгү окуучулар апалардын улуулугун, аруулугун даңазалашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин «Бүчүр» ыр-бий ийрими менен айылдагы аялдар кеңеши биргеликте апаларды куттуктап, концерт тартуулашты. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чарада апалардын улуулугу, аруулугу даңазаланды. Окуучулар өздөрүнүн чыгармачылык таланттарын тартуулап, жалпы аялзатына таазим кылышты. Концерттин аягында алар апаларга гүл сунушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up