Мугалимдер.kg: Таластык У.Айдарбекова кичинекей балдарын бешикке бөлөп коюп, сабакка кетчү (сүрөт)

Жаңылыктар | 18:14, 11-март 2019 | Жаңыртылган 18:14, 26 март 2019 | 1 439
Мугалимдер.kg: Таластык У.Айдарбекова кичинекей балдарын бешикке бөлөп коюп, сабакка кетчү (сүрөт)

Билим АКИpress басылмасы билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот.

Бүгүнкү каарманыбыз — Талас районунун Козучак айылынын 56 жаштагы тургуну Уулболсун Айдарбекова. Ал 34 жылдан бери балдарга билим берип келет. «Билим берүүнүн мыктысы» наамына татыган мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1963-жылы Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында төрөлүп, Ленин атындагы орто мектепте билим алган.

«Мен мектепте окуп жүргөндө гуманитардык сабактарды жакшы окучумун. Бизге кыргыз тили жана адабиятын окуткан Бакир Субанбеков деген агай мага өзгөчө таасир калтырды. Агайдын жолун жолдоп, мен дагы кыргыз тилчи адистигинде билим алдым. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Талас районунун Козучак айылына келин болуп келдим. Мугалим деген ардактуу кесиптин чыйыр жолун Козучак айылынын «Бүлбүлдөк» (азыркы Мамбетов) орто мектебинен баштадым.

Мугалимдин кесиби өзгөчө бир жоопкерчиликти талап кылат. Ар бир балага мүнөзүнө жараша мамиле жасоо керек. Биринчи жолу балдарга жыйын өткөндө башкача бир толкундануу болуп, ушундай ардактуу кесиптин ээси экенимди сезгем. Азыр дагы ошол кесиптин ардактуу ээси болууга аракет кылам.

Быйыл менин мугалимдик жолума 34 жыл толот. Бул аралыкта биз нечендеген окуучуларга тарбия бердик. «Балдар менен жүрсөң, аалам тегиз» дегендей, мен ар бир класста мугалимди күтүп отурган боёо сезим балдарды көргөндө бардык нерсени унутуп калчумун. Берилип сабак өтчүмүн. Ал учурда кичинекей балдарымды бешикке бөлөп коюп, сабакка кеткен күндөр болгон. Айлык маяна да аз эле, мен бир жылдары 17 сом айлыкка иштегем. Бул үчүн иштебей койсом деле болмок, бирок мугалим болом деген көксөөм менен үйдө отура албайт болчумун. Балдардын «Уулболсун эже, бүгүн бизге сабагыңыз бар» деп күтүп жатканын көргөндө мен үчүн биринчи орунда акча эмес, билимдүү жаштар деп кайрат кылар элем.

Эсимде, бир жолу балдарга «Менин кесибим» деген темада дилбаян жазгыла десем, класстын баары «Уулболсун эжедей кыргыз тилчи мугалим болом» деп жазышыптыр. Бул нерсе бир чети мага сыймык болсо, экинчи жагынан мага күч берип, балдарга мурункудан да мыкты сабак өтүүгө түрткү болгон.

Кыргыз тили боюнча мектептер арасында ар түрдүү кароо-сынактар өткөрүлүп турат. Мугалимдер үчүн эң маанилүүсү — бул олимпиада. Мектепте даярданганга убакыт жок болуп, окуучуларымды үйгө алып келем. Балдар менен түн бир оокумга чейин китеп окуп, дилбаян жазып, чыгармаларга аныктама берип жатып, кызуу даярдык көрөбүз.

Бир жолу кечинде окуучуларды үйүнө жеткирип келип, эртеңки тапшырмаларын даярдап жатып, уктап кетипмин. Ойгонсом таң атып калган экен. Кайра эле мектепке жөнөдүм. Көрсө, бүт өмүрүбүздү билим берүүгө арнаган экенбиз.

Кандай сынакка барбайлы, жаныма сөзсүз түрдө «Сникерс» шоколад салып алып, окуучума берем. Кээ бир учурда окуучуң сынактан жеңилип калып, ызаланып ыйлаган учурлар болот. Андай кезде ал бала мугалимдин жүрөгү андан да көп эсе ыйлап жатканын сезбесе керек. Бирок ошол маалда «бул деген сынак, мында болбосо кийинкиде жеңебиз» деп, окуучуга күч беришибиз керек. Анткени окуучу мугалимине таянат», - деп айтып берди мугалим ишмердүүлүгү тууралуу.

У.Айдарбекова жетишкендиктердин артынан көптөгөн сыйлыктарга татыган. 2015-жылы «Эл агартуунун мыктысы» наамын алган. «Мага мындан өткөн чоң сыймык — менин окуучуларым келип, рахматын айтып, өзүң менен кесиптеш болуп иштеп жатканы. Азыр менин жолумду жолдогон окуучуларымдын саны абдан көп. Үйгө келип, ыраазычылыктарын билдирип турушат», - деди ал.

Мугалим 2 уул жана 2 кыздын апасы. 7 небереге чоң апа.

Кыргыз тилчи мугалим тууралуу айылдаштары эмне дешет?

Элмира Тажыканова: «Уулболсун эже булактын көзүн ачкандай окуучулардын талантын таап, аны таптап, билим берип келет. Менин балдарым Уулболсун эжеден билим алды. Азыр ар бири өз кесиби менен эмгектенип жатышат. Эже бир эле сабак өтүү менен чектелбестен, ар бир баланын аң-сезимин туя билип, шыгына жараша мамиле жасап, талантын ачып, бир жолго салып, бир эле учурда мугалим, жанында сырдаш досу болууга үлгүрөт. Балдар эртең «Уулболсун эженин сабагы болот» дегенде чыдамсыздык менен күтүшчү».

Мектепти аяктап кеткен окуучуларынын бири Мадияр Токтобеков: «Уулболсун эже менин класс жетекчим эле. Анын ар бир айткан сөзү азыр деле эсимде. Ал бизге: «Ар бир кесиптин ээси өзүнүн кесибин сүйгөндө гана андан мыкты адис чыгат», - деп көп айтчу. Көрсө, Уулболсун эже өзүнүн кесибин сүйгөн адис экен. Ар бир балага кесип тандашып, жаныбызда чогуу жүрчү. Албетте, эжеге окшоп өзүнүн кесибин сүйгөн мугалимдерибиз көп болгондо биздин мамлекеттин билим сапаты мындан да жогоруламак».

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up