Сүрөт — Бишкектеги №2 мектепте кыргыз-корей элдеринин достугу даңазаланды

Сүрөт — Бишкектеги №2 мектепте кыргыз-корей элдеринин достугу даңазаланды

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы №2 жалпы билим берүүчү орто мектебинде 12-мартта Кыргызстан менен Корея элдеринин достугуна арналган фестиваль өттү.

Иш-чарага Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Билим берүү борборунун директору Ким Де Гван, Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Айзада Апышева, Ленин районунун акиминин орун басары Жамалкан Мамытова, билим берүү кызматкерлеринин шаардык профсоюз комитетинин төрагасы Гүлшан Султанбаева, ББжИМдин башкы адиси Зоя Ким, Ленин райондук билим берүү борборунун директору Айзада Жунусова, КУУнун профессорлору, калаадагы бир катар мектептердин директорлору катышты.

Иш-чаранын башталышында №2 мектептин окуучулары конокторду улуттук кийим менен тосуп алышып, спорт залга узатышты. Ал жакта окуучулар таэквондо ыкмаларын көрсөтүштү. Андан соң меймандар корей тили сабагына катышып, мектептин музейинде болушту. Андан сырткары, концерттик программага күбө болушту.

Концерт мектеп тууралуу слайд менен башталып, эки элдин достугун, ынтымагын даңазалаган ырлар айтылды. Окуучулар ыр ырдап, бий бийлешип, корей тилинде жомок көрсөтүштү. Келген меймандар келечек ээлерине ийгиликтерди каалап, ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чаранын соңунда конокторго баалуу белектер жана эстелик сүрөттөр тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up