Нарындык жаштар коомдогу көйгөйлөрдү форум-театр аркылуу чагылдырышты (сүрөт)

Нарындык жаштар коомдогу көйгөйлөрдү форум-театр аркылуу чагылдырышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарында 11-март күнү студенттер менен окуучулар үчүн форум-театр боюнча тренинг болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабырчы билдирди.

Маалым болгондой, тренингдин жүрүшүндө студенттер менен окуучулар форум-театр жөнүндө кеңири түшүнүк алып, муну менен көйгөйлөрдү кандай чагылдырып, элге жеткирүү керектигин үйрөнүштү. Ошондой эле атайын жумушчу топ түзүлүп, алар мындан ары коомдогу болуп жаткан социалдык көйгөйлөрдү форум-театр аркылуу элге жеткирүүнү көздөшүүдө.

Иш-чарада катышуучулар айыл жергесинде, деги эле үй-бүлөдө болуп жаткан аракечтик маселесин, анын кесепетинен үй-бүлөнүн эки ажырым жолго түшүп жатканын форум-театр аркылуу чагылдырып беришти.

Форум-театрда ошондой эле учурдун негизги көйгөйлөрү: кайдыгерлик, насыя алуу, аны максатсыз коротуу, коррупция, мугалим менен окуучулардын мамилеси, уюлдук телефонду көп колдонуунун кесепеттери жана башка бир катар актуалдууу темалар камтылган. Бул форум-театр жакын арада шаардын мектептеринде жана жогорку окуу жайларында өткөрүлүп, ушул окуу жылынын аягына чейин айыл жерлерине коюла турган болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up