Ак-Муз айылындагы эң сулуу окуучу аныкталды (сүрөт)

Ак-Муз айылындагы эң сулуу окуучу аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Жакыпбек уулу Боогачы атындагы орто мектептин эң сулуу кызы тандалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Муз айылындагы орто мектептин окуучу кыздары арасында «Боогачы периси» сулуулар сынагы өттү. Сынакта 10 кыз ат салышып, 8 тапшырма аткарышты. Жыйынтыгында 1-орунду 10- класстын окуучусу Айгерим Азатбекова, 2-орунду 10-класстын окуучусу Айдана Талантбекова, 3-орунду 9-класстын окуучусу Санирабига Үмөтакунова камсыз кылышты.

Ал эми баш байгени 11-класстын окуучусу Сезим Карыбаева багындырып, ага таажы кийгизилди.

Кароо-сынакка катышкан бардык кыздарга кызыктыруучу белектер тапшырылды. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты — окуучулардын шык-жөндөмүн ойготуу, изденүү, активдүүлүгүн жогорулатуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up