Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев мектебинин окуучулары ысык тамак ичишет (сүрөт)

Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев мектебинин окуучулары ысык тамак ичишет (сүрөт)

Билим АКИpress - Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын 538 окуучусу ысык тамак менен камсыз болгон. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мира Муктарова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, азык-түлүктөр донорлордун жана ата-энелердин эсебинен даярдалат.

«Ашпозчулар бардык стандарттарга жооп берген тамактарды жасашат. Ашканада бардык шарттар түзүлгөн. Ата-энелердин жардамы менен окуучуларга мөмө-жемиштер, таттуулар берилип турат», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up