Видео — 33 миң сомдук сынак. Бишкекте ЖОЖдун кызматкери пара алып жатканда кармалды

Видео — 33 миң сомдук сынак. Бишкекте ЖОЖдун  кызматкери пара алып жатканда кармалды

Билим АКИpress - Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин кызматкери мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 13-мартта ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, Криминалдык милиция кызматына Чүй облусунун 33 жаштагы Ж.А. аттуу жашоочусу (аял киши) пара талап кылуу жана алдамчылык иш-аракеттери фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Ал сынактык сессияны тапшыруу үчүн акча каражатын талап кылып жаткан шаардык окуу жайдын кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө жогорку окуу жайдын кызматкери 2018-2019-жылдары үчүн сынакты тапшырууга 33 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы маалым болду», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Арыз «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган. Ал эми Өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө боюнча башкармалык КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин (Мамлекеттик мекеменин кызматкеринин ири өлчөмдө акча түрүндө сый акыны мыйзамсыз алуу) негизинде сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүп баштады.

КМКнын 3-башкармалыгы (УККБ) менен Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн кызматкердин мыйзамсыз иш-аракеттерин жасагандыгына шектүү катары саноого жеткиликтүү маалыматтар алынган.

«5-март күнү атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Биринчи Май райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы кабыл алынган. Сотко чейинки иликтөөлөрдү жүргүзүүдө мыйзамсыз иш-аракеттер кандай жагдайда, кандай иш-аракеттер жана качан жасалгандыгы аныкталган. 2014-жылдын июль айында А.Ж. аттуу жаран жогорку окуу жайлардын биринин бөлүмүнө келишимдик негизде тапшырууну чечкен. Документтерди тапшыруу учурунда ал ЖОЖдун кызматкерлеринин бири менен таанышып, ошол жерден унверситетке өтүүгө жардам көрсөтөрүн айтып, өзүнүн кызматы үчүн ал 200 АКШ долларын сураган. Ошол эле жылдын сентябрь айында ЖОЖдун кызматкери окуу жайда бош орун жок болгондуктан, аны башка университеттин ошол эле факультетине өткөргөндүгүн билдирген», - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин маалыматына караганда, 2014-2018-жылдары ЖОЖдун кызматкери студенттен сынактык сессияларды тапшыруу үчүн акча каражатын жана келишимдик окуунун төлөмдөрүн дагы алып турган. Бул убакыт аралыгында ал жалпы суммасы 230 миң сом акча каражатын алган. 2019-жылдын февраль айында студент 2014-жылы университеттин алдындагы колледждин 1-курсуна өткөндүгүн, бирок ошол эле жылы окуудан чыгарылганын билген. 2019-жылдын март айында жабырлануучу кайрадан экзамендик сессияны тапшырууга акча каражатын талап кылып жаткан кызматкерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүү үчүн ИИМге арыз менен кайрылууну чечкен.

«6-март күнү ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери менен Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жумуш ордунда 33 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен шаардык ЖОЖдун биринин кызматкерин кармашты», - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up