Нарындагы медресенин окуучулары компьютерди колдонуу ыкмаларын үйрөнүштү (сүрөт)

Нарындагы медресенин окуучулары компьютерди колдонуу ыкмаларын үйрөнүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын казыятынын медресесинин окутуучулары менен 50 окуучусу Борбордук Азия университетинин Профессионалдык жана үлгүлтүксүз билим берүү метебинин «Компьютрди колдонуу ыкмалары» кыска мөөнөттүү курсун ийгиликтүү бүтүрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Алар кыска мөөнөттүн ичинде компьютердик сабаттулугун жоюп, жеке компьютерди колдоно билүү боюнча билимге ээ болушту. Бүтүрүүчүлөргө сертификаттарды тапшыруу аземи өтүп, анда Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн башкы адиси С.Жолдошова, аталган мектептин жетекчиси Н.Нишарапов жана Борбордук Азия университетинин өкүлү А.Чымырбаев куттуктоо сөз сүйлөшүп, бүтүрүүчүлөргө сертификаттарды тапшырышты.

Аталган мектеп 2006-жылдан бери маалыматтык технологиялар боюнча окутуп келет.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up