Канттагы мектептин окуучулары өрт өчүрүүчүлөрдүн иши менен таанышты (сүрөт)

Канттагы мектептин окуучулары өрт өчүрүүчүлөрдүн иши менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кант шаарынын №2 орто мектебинин 9-классынын окуучулары Ысык-Ата районунун өрт-куткаруу бөлүмүндөгү өздүк курамдын иш-милдеттери жана өрт өчүрүү техникалары, курал-жарактары менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин басма сөз катчылыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, өрт өчүрүүчүлөр өрт учурунда кандай иштер аткарыларын көрсөтүштү. Иш-чарага 9-класстын 20 окуучусу жана алардын класс жетекчиси катышты.

Иш-чарынын максаты — өрт өчүрүүдө керектелүүчү өрт кийимдери, куткаруучу шаймандар, өрт өчүрүүчү унаанын өзгөчөлүктөрү менен жакындан тааныштыруу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up