Кайрат Осмоналиев билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды (резюме)

Кайрат Осмоналиев
Кайрат Осмоналиев

Билим АКИpress - Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Кайрат Осмоналиев коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыктыярдуу негизде билим берүү министринин кеңешчиси болду.

Жаңы кеңешчинин карамагында коррупцияны жок кылуу боюнча кылдат иштелип чыккан планды ишке ашыруу мониторинги, ошондой эле билим берүү тармагында коррупциялык иш-аракеттерге каршы чараларды иштеп чыгуу болот.

К.Осмоналиев министр Гүлмира Кудайбердиева менен жолугуп, коррупция менен күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Резюме

Осмоналиев Кайрат Медербекович — Кыргызстанда Референдум өткөрүү жана шайлоо боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү.

Туулган жери: 1973-жыл, Россия Федерациясынын Омск шаары.

Билими: жогорку юридикалык.

- 1994-жылы РФ ИИМ милициясынын Омск жогорку мектебин бүтүргөн (азыркы учурда РФ ИИМдин Омск академиясы);

- 1994-1997-жылдары РФ ИИМдин башкаруу академиясынын илимий-педагогикалык кадрлар факультетинде билим алган;

- 2005-жылы докторлук диссертациясын жактаган.

Наамы: запастагы милициянын полковниги.

Эмгек жолу:

- 2016-жылдын сентябрынан азыркы күнгө чейин — Ж.Баласагын атындагы КУУнун кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу факультетинин профессору;

- 2010-жылдын сентябрынан 2016-жылдын июнь айына чейин — КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын проректору;

- 2008-жылдын ноябрь айынан 2010-жылдын май айына чейин — Европа Биримдигинин «КРнын сот системасын колдоо» долбоорунун серепчиси;

- 2006-жылдын ноябрынан 2008-жылдын октябрына чейин — ички иштер министринин жардамчысы, басма сөз катчысы, ИИМ Академиясынын административдик укук кафедрасынын башчысы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up