Манас районунда Мектептеги тамактануу күнү белгиленди (сүрөт, видео)

Манас районунда Мектептеги тамактануу күнү белгиленди (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Манас районундагы мектептерде 13-мартта Мектептеги тамактануунун эл аралык күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замир Маркашов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага жалпы 11 мектеп катышты. «Биз бүгүн 11 мектеп менен биргеликте Мектептеги тамактануунун күнүн белгиледик. Албетте, ата-энелер менен чогуу иш алып бардык. Бүгүнкү күндө башталгыч класстын окуучуларына күн сайын ысык тамак берилет. Ал эми бүгүн атайын иш-чара уюштурдук. Анда ата-энелер салат жасап беришсе, мектептердин ашпозчулары ысык тамак, компот, чай жана таттуулар менен балдардын курсактарын тойгузушту.

Ошондой эле туура тамактануу боюнча кыскача түшүндүрмө берилди. Иш-чаранын соңунда балдар ичкен тамактары боюнча сүрөт тартышып, ата-энелерге жана ашпозчуларга жылуу сөздөрүн айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти», - деди З.Маркашов.

Манас районунун Покровка айылындагы мектептин ашпозчусу Зухра Муракимова көп жылдан бери ашпозчулук кесипти аркалап келет. «Окуучуларга ысык тамак бышырып берүү мен үчүн сыймык. Тамак ичип бүткөндө кичинекей окуучулар сөзсүз рахматын айтып, «даамдуу болуптур» деп кетишет. Мен сүйүнүп калам. Күн сайын ар түрдүү даамдуу тамактар берилет. Бир күндүк тамактар экинчи күнкү тамактарга окшобойт. Көбүнчө ботко, буурчак, кесме, көжө, шорпо, күрүч, ошондой эле ар түрдүү таттуулар, чай, компот, сүт чай, майы менен берилип турат», - деп айтып берди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up