Канттагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары англис тилин акысыз үйрөнүшөт (сүрөт)

Канттагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары англис тилин акысыз үйрөнүшөт (сүрөт)

Билим АКИpress - Канттагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары менен ата-энесинен ажыраган балдар англис тилин акысыз үйрөнүшөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Аксес стипендиялык программасы» долбоорунун Кант шаарындагы координатору Айпери Айтбаева билдирди.

«Кант шаарындагы №1, №2, №3, №4 мектептерден 13-16 жаштардагы 30 окуучуну тандап алдык (17 кыз, 13 бала). Алар аз камсыз, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары жана ата-энесинен айрылган балдар. Бул окуучулар англис тилин бекер окушат. Бардык чыгымдарды АКШнын Кыргызстандагы элчилиги колго алган. Ал эми долбоорду «Лингва» англис тили мектеби ишке ашырат. Балдар англис тилинен тышкары компьютердик жана мектептен сырткаркы иш-чараларга (көргөзмөлөр, билим берүү жааттагы жармаңкелер) да катыша алышат», - деди ал.

Аталган долбоор Кыргызстанда 20 жылдан бери өз ишмердигин жүргүзүп келет жана эӊ алгачкы жолу Кант шаарында уюштурулган. Азыркы тапта өлкөнүн 7 дубанында иш алып барат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up