Мектеп таржымалы: 89 жыл мурун түзүлгөн Канттагы №1 гимназиянын жетишкендиктери (видео, сүрөт)

Мектеп таржымалы: 89 жыл мурун түзүлгөн Канттагы №1 гимназиянын жетишкендиктери (видео, сүрөт)

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаардык Д.П.Зубков атындагы №1 орто мектеп-гимназиясы 1930-жылы түзүлгөн. Ал эми имараты 1971-жылы жаӊыланып курулган. Мектептин тарыхы, ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу анын директору Замира Сыйналапова айтып берди.

Анын айтымында, аталган билим берүү уясында 9 ийрим иш алып барат. «Биздин мектепке 1996-жылдын 23-майында Социалисттик Эмгектин баатыры Дмитрий Петрович Зубковдун ысымы ыйгарылган. Ал Кыргыз машина текшерүү станциясында 30 жыл директор болуп эмгектенген.

Педагогикалык эмгек жамаатымыбыз дайыма бир калыпта. Алардын арасында 30 жылдан бери тынбай эмгектенип келе жаткандар да бар. Ошондой эле биздин мектеп 8 багыт менен иш алып барат.

Алар:

- Жарандык-патриоттук жана көп маданияттуу билим берүү;

- Моралдык-укуктук билим берүү;

- Көркөм-эстетикалык билим берүү;

- Экологиялык билим берүү;

- Жашоонун сергек мүнөзүн калыптандыруу;

- Эмгекке үйрөтүү жана кесип тандоого багытталган билим берүү;

- Өзүн-өзү башкаруу;

- Ата-энелер менен иштөө.

Мектепте окуучулардын ден соолугуна, чыгармачылыгына, жалпы маданияттын калыптанышына, жеке өсүп-өнүгүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылган кошумча билим берүү жана сабактан тышкаркы иш-чараларды уюштуруп келебиз. Тактап айтканда, бизде 9 ийрим иш алып барат. Анда «Аксаамал» бий тобу, «Спорттук бий» ийрими, шахмат ийрими, «Слайд» фотостудиясы, кыргыз улуттук оюндары, спорттук секциялар, драмалык ийримдер, компьютердик сабаттуулук, гүл чарба ийримдери бар», - деди ал.

Аталган мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүлөрү 2 жыл катары менен «алтын сертификатка» ээ болушкан.

«Биздин мектеп райондук олимпиадаларда 1-2-орундарды ээлеп, облустук, республикалык олимпиадаларда дагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишип келишет. 2017-2018-окуу жылында биздин окуучуларыбыз 1-орунду багындырышкан. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку упай топтоп, көп жылдар бою райондо 1-орунду алып келишүүдө. Ал эми акыркы 2 жылда мектебибиз "алтын сертификатка" ээ болду — 2017-жылы Байрам Абасов алса, 2018-жылы И.Тимофеев аттуу окуучубуз алды», - дейт жеттекчи окуучуларынын жетишкендиктери тууралуу.

Мектеп директорунун айтымында, мектеп ар кыл долбоорлор менен тыгыз иштешип, бир топ ийгиликтерге жетишип жатат. «Биздин мектеп «Билим булагы» жана «Айбилим» программалары менен кызматташып, 20 компьютерлүү, 20 компьютердик столдуу, 4 ноутбуктуу, 4 проекторлуу жана 1 көчмө экрандуу болдук.

Ысык тамак программасына да катышып, бүгүнкү күндө башталгыч класстын 750 окуучусу ысык тамак менен камсыздалган. Ал БУУнун ички дүң продукциясынын «КРдагы мектептерде ысык тамакты оптималдаштыруу» программасы аркылуу ишке ашууда. Алар биздин ашканага керектүү жабдыктарды алып беришти. Кант шаардык мэрясы тамак ичүүчү залды оӊдоп, идиш-аяк жана керектүү жабдыктарды алууга жардам көрсөтүштү. Ошондой эле ата-энелер да демөөрчү болуп, эмерек алып беришти», - деди З.Сыйналапова.

Мектеп 1999-жылы гимназия статусуна ээ болгон. Долбоор боюнча 640 орундуу мектеп болсо, бүгүнкү күндө анда 1 миң 665 окуучу билим алууда.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, жатаканадагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер, мектеп таржымалы жана жетишкендиктери тууралуу жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up