Ат-Башыдагы 2 мектептин имаратын оңдоп-түзөө керек, - депутат

Жылдыз Мусабекова
Жылдыз Мусабекова

Билим АКИpress - Депутат Жылдыз Мусабекова (КСДП) 14-мартта парламенттин жыйынында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 2 мектептин абалы тууралуу маселени көтөрдү.

Анын маалыматы боюнча, Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов атындагы орто мектеби 1980-жылы курулган. Имараты авариялык абалда болгондуктан, мектеп капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. «Жылуулук системасы эскирген, эшик-терезелерин алмаштыруу керек», - деди ал.

Ошондой эле Мусабекова Баш-Кайыңды айылындагы 1999-жылы ашар жолу менен салынган мектепти белгиледи. «Мектептин имараты эскирген, майда-чүйдө оңдоо иштери эч кандай пайда алып келбейт. Капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү зарыл», - деп кошумчалап өттү ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up