Ат-Башы жана Төмөнкү Чүй айыл өкмөттөрүндө бала бакча маселеси чечилбей келет, - депутат

Билим АКИpress - Депутат Элвира Сурабалдиева (КСДП) 14-мартта парламенттин жыйынында Ат-Башы жана Төмөнкү Чүй айыл өкмөттөрүндөгү бала бакча маселеси тууралуу айтты.

Анын маалыматы боюнча, Ат-Башы айыл өкмөтүндө 4 жылдан бери бала бакчанын курулушу бүтпөй келет. «1 миллион сомдон бөлүнүүдө. Сметалык наркы 18 млн сомдук бала бакчанын курулушун 4-5-жылдан бери бүтүрө албай жатышат. Алар курулуш иштери 90%га бүттү дешет, бирок бүтө элек», - деди ал.

Төмөнкү Чүй айылындагы бала бакча 1960-жылы курулган. «Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 10 млн сом керек, бирок бул меселе чечилген жок. Бала бакча 1999-жылдан бери иштебей турат», - деди Сурабалдиева. Ал маселени чечип берүүнү суранды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up