Орто кесиптик окуу жайлардагы мугалимдердин эмгек акысы көбөйгөн эмес, - эл өкүлү

Айнура Осмонова
Айнура Осмонова

Билим АКИpress - 2015-жылы өкмөт билим берүү уюмдарындагы мугалимдердин эмгек акысын жогорулаткан. Бирок эмнегедир, орто кесиптик окуу жайлардын мугалимдеринин айлыгын көтөрүшкөн жок. Бул тууралуу 14-мартта парламенттин жыйынында депутат Айнура Осмонова (КСДП) айтты.

Анын айтымында, бул маселе каралган да эмес. «Мисалы, алардын катарында мамлекеттик медициналык колледждер, кесиптик лицейлер бар. Орто кесиптик окуу жайларда мугалимдер үстөк 5,5 миң сом болгондо 4,6 миң сомдон алышат. Алар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат», - деп кошумчалап өттү эл өкүлү.

«Биз колледждердин жамааты менен жолукканбыз, алар өз көйгөйлөрүн айтышты. Алар — биздин балдарды окутуп жаткан адамдар», - деди Осмонова.

Ал маселени көзмөлгө алып, конкреттүү түрдө чечүүнү суранды. «4,6 миң сом айлык эң эле аз», - деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up