Япон мугалими Максумото Кана Чүйдөгү окуучулары менен бирге концерт берди (сүрөт)

Япон мугалими Максумото Кана Чүйдөгү окуучулары менен бирге концерт берди (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй райондук балдар искусство мектебинде япониялык ыктыярчы-мугалим Максумото Кананын отчеттук концерти болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маданий иш-чарага «JICA» уюмунун координатору М.Обучи, Жети-Өгүз, Ысык-Ата райондорунда, Нарын, Бишкек, Каракол шаарларында ыктыярчылык кызмат өтөгөн япон жарандары, Чүй райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Соромбаева, маданият кызматкерлери, Чүй райондук балдар искусство мектебинин директору Индира Момункулова, райондогу музыка мугалимдери катышты.

Отчеттук концертте пианинодо ойногон балдар конокторду жана катышуучуларды өз өнөрлөрү менен кубандырышты. Сахнада ыктыярчынын актаруусунда япон күүлөрү, ошондой эле окуучулардын аткаруусунда кыргыз ыр-күүлөрү жаңырды.

Максумото Кана концерттин соңунда өзүнүн жана «JICA» уюмунун атынан активдүү балдарга грамоталарды тапшырды. Иш-чаранын жүрүшүндө ыктыярчылар балдардын ой-сезимин байыткан, кызыгуусун арттырган викторина-сынактарды, оюн-зоокторду уюштурушту. Япон тамак-аштары болгон суши-роллдорду жасап, аземдин катышучуларына тартуулашты.

Чүй райондук балдар искусство мектебинин жамааты келген конокторго дасторкон жайышып, кыргыздын тамак-аштары менен сыйлашты. Дасторкондо чогуу отуруп, кыргыз-япон элдеринин өкүлдөрү бири-бирине жылуу каалоо-ниеттерин айтышты.

Япониялык ыктыярчы Максумото Кана 1 жыл 9 айдын ичинде Чүй райондук балдар искусство мектебинде балдарга пианинодо ойногонду үйрөтүп, алардын чеберчилигин өркүндөтүп, райондун маданиятынын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон. Жумушка киришкенден кийин, 2018-жылдын август айында ал райондогу музыкалык ийримдерге 100гө жакын үйлөмө, урма жана башка аспаптарды белекке берген.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up