Москва районунда окуучулар апаларга ыр белек сунушту (сүрөт)

Москва районунда окуучулар апаларга ыр белек сунушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы «Беш-Көрүк» орто мектебинде «Апаларга ыр белек» аттуу поэзия кечеси өттү. Ага окуучулар, мугалимдер, ата-энелер жана жергиликтүү тургундар катышышты. Бул тууралуу аталган мектептин адабий ийриминин жетекчиси, уюштуруучу Айнура Калбаева аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, элет жергесинде айылдык таланттар арбын. «Бири ыр жазса, экинчиси комузда кол ойнотот. Андай атуулдардын башын бириктирип, маданий иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлашкан борбор — айылдык мектеп. Ошондон улам кандай иш-чара болбосун мектепте белгиленип келет эмеспи. Мектеп директору Баяман Асанбаевдин түздөн-түз көзөмөлдөөсү менен ай сайын «Калемгер» адабий ийрими поэзия кечесин өткөрөт. Ага алдын ала даярдыктар көрүлүп, атайын сынактар жарыяланып, ырга шыктуу окуучулар поэзия саптарын жаратышат. Тандалган ырлар мектептин «Адабият айылдан башталат» аттуу дубал гезитине жарыяланат. Мындай иш-чаралар чыгармачыл Индус кызы Чолпондун да көмөктөшүүсү менен жүзөөгө ашырылат.

Кылымдарды карыткан кыргыз эли турмуш шарттын кайсыл жагдайында болбосун, түрдүү жанрдагы ыр менен жашап, күн кечиришкен. Ырды пир туткан эл. Ыр — Кудайдын сөзү деп да коюшат. Ошондон улам ага өтө сергек, астейдил мамиле кылышкан. Мына, ушундай таберикти жаш муундарга жеткиришибиз керек. Алардын жүрөгүнө уялатып, жашоосуна жашыл нур тартуулашыбыз зарыл. Биз бул багытта «Калемгер» ийримин түзгөнбүз. Ай санап таланттуу окуучулардын саны арбып барат. Жакында «Апаларга ыр белек» аттуу поэзия кечесин өткөрдүк. Ыр жазууга алгачкы кадамдарын таштаган окуучуларыбыздын маанайынан ыр майрамы жанып турганын көрүп, бир чети кубансак, бир чети ушундай бактылуу балалыктын өлкөсүндө эмгектенип жүргөнүбүзгө сыймыктандык. Окуучуларыбыз Аскат Казыев, Кубандык Алыев, Айдана Курманалиева, Рыскелди кызы Айсулуу жана Эльзана Шаршенбековалардын калеминен жаралган чыгармалар автордук көркөм окууда жаңырды.

Ошентип, апаларыбызга ыр десте сундук. Поэзия кечесинин соңунда ар бир ырга талдоо жүргүзүп, кеп-кеңештерибизди, акыл-насаатыбызды айтып, жаш авторлорго ак жол кааладык. Албетте, биз адабий сынчы эмеспиз. Бирок мугалим катары өз түшүнүгүбүздү балдарга жеткирүүгө милдеттүүбүз. Ким болсо да, жараткан эмгеги тууралуу кандайдыр бир пикирди уккусу келет. Аларга жол көрсөтүү, туура багыт берүү зарыл. Бизди толкундаткан жагдай — апалардын ырдан белек алып, өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турганы. Өздөрү да бал тилдүү балдарынын ыр сабына ширелген сезимдерине таазим кылганы ыр дүйнөсү менен жашоодо акыл, сезим сергитүүлөр жашоо образынын жагымдуу жолдорун айгинелегенин айтышты. Мен да мындай иш-чарадан канааттандым», - дейт А.Калбаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up