Депутат менчик мектептерде билим берүүнүн кымбаттыгына нааразы: Келишимдик баа 5-10 миң доллар

Зиядин Жамалдинов
Зиядин Жамалдинов

Билим АКИpress - Депутат Зиядин Жамалдинов Билим берүү жана илим министрлигин жеке менчик мектептердеги билим берүүнүн баасын төмөндөтүү боюнча иш алып барууга чакырды. Мындай сунушту ал 15-мартта «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында киргизди.

Анын айтымында, менчик мектептердеги келишимдин баасы 5-10 миң долларга чейин жетет.

«Келишимдин баасын жөнгө салууга болбойбу?», - деп сурады ал.

Өз кезегинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова келишимди мектептин уюштуруучусу менен ата-энелер түзөрүн айтты. «Биз бул маселени чече аларыбызды түшүнүү үчүн Юстиция, Экономика министрликтери менен талкуу жүргүзүү зарыл», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up