Нарын облусунда предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Нарын облусунда предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарында окуучулардын предметтик олимпиадасынын облустук туру жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, 2 күнгө созулган олимпиадага облус аймактарынан жана Тогуз-Торо районунан келген 201 окуучу катышты. Жыйынтыгында байгелүү орундарды алгандарга Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун тиешелүү даражадагы дипломдору тапшырылды.

Ошондой эле алдыңкы орунду ээлеген 34 окуучуга республикалык олимпиадага катышууга жолдомо берилди. Ал эми командалык жалпы эсепте 1-орунду Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейи, 2-орунду Кочкор району, 3-орунду Нарын району ээлешти.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up